Жараткыла

Баштагыла

Шыктандыргыла

Кыргызстанда Mbank менен өнөктөштүктө She’s Next, Empowered by Visa
глобалдык демилгесинин биринчи толкунун тосуп алыңыздар!

Кантип катышса болот?

Иш-чарага катышуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу катталыңыз.
Долбоорго өзүнүн микро же чакан бизнеси бар же жаңыдан ачууну пландап жаткан, Кыргыз Республикасынын жашы жеткен аял жарандары катыша алышат.







    Эрежелер →

    Байге фонду

    Баштапкы бизнес

    категориясы

    1 орун – 4 000$ өлчөмүндөгү грант
    2 орун – 2 000$ өлчөмүндөгү грант
    3 орун – 1 000$ өлчөмүндөгү грант

    Учурдагы бизнес

    категориясы

    1 орун – 6 000$ өлчөмүндөгү грант
    2 орун – 4 000$ өлчөмүндөгү грант
    3 орун – 2 000$ өлчөмүндөгү грант

    Демилгенин баскычтары

    3 сентябрь - 19 октябрь

    Каттоо

    20 октябрь – 2 ноябрь

    Окутуу баскычы

    Катталган катышуучулар 6 лекциядан жана 6 тесттен турган демилгенин билим берүү бөлүгүнө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

    Ар бир лекциянын материалдары менен таанышып чыккандан кийин катышуучуларга текшерүү тестинен өтүү сунушталат. Бардык 6 тесттен ийгиликтүү өтүү кийинки баскычка өтүүгө мүмкүндүк берет.

    3 – 16 ноябрь

    Бизнес-пландарды тапшыруу

    Билим берүү бөлүгүн ийгиликтүү аяктагандан кийин жана бардык 5 тесттен өткөндөн кийин, катышуучулар категориялардын бири боюнча бизнес-план тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат – «Учурдагы бизнес» же «Баштапкы бизнес».

    17 ноябрь​ – 7 декабрь

    Эксперттик комиссия

    Эксперттер 20 эң мыкты долбоорду – ар бир категория боюнча 10 долбоорду тандап алышат. Бизнес-пландары финалга өткөн катышуучулар Бишкекке She’s Next Pitch Day иш-чарасына чакырылат.

    12 декабрь

    She’s Next Pitch Day

    20 финалист аял Бишкекте өтүүчү She’s Next Pitch Day иш-чарасында эки категория боюнча өз долбоорлорун тааныштырууга катышышат – «Учурдагы бизнес» жана «Баштапкы бизнес». Тааныштыруунун жыйынтыгы боюнча калыстар тобу Кыргызстандагы She’s Next, Empowered by Visa демилгесинин биринчи толкунунун 6 жеңүүчүсүн аныктайт.

    Суроолоруңуз барбы?

    Ооба, сиз «Баштапкы бизнес» же «Учурдагы бизнес» категориясындагы Конкурска катыша аласыз. Сизге лекциялар жана тесттер жеткиликтүү болот, ошондой эле бизнес-планды калыстарга баалоо үчүн тапшыра аласыз.
    «Баштапкы бизнес» категориясында бизнес-планды калыстар баалаган соң үч жеңүүчү аныкталат.
    «Учурдагы бизнес» категориясында бизнес-планды калыстар баалаган соң үч жеңүүчү аныкталат.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Билим берүү этабы 20-октябрда башталат. Азырынча сиз Долбоордун веб-сайтынан жаңылыктарды көрө аласыз – биз пайдалуу макалалар жана материалдар менен бөлүшөбүз.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Быйыл She’s Next демилгесине Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар азыркы жана келечектеги ишкер айымдар гана катыша алат.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Бул учурда, сиз бардык келген почта папкаларын, анын ичинде "Спам" папкасын текшеришиңиз керек. Эгерде сиз ырастоочу катты таппасаңыз Долбоордун веб-сайтындагы модераторго жазыңыз.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Тилекке каршы, ооба. Каттоо этабы бүткөн. Сизди келерки жылы демилгенин жаңы толкунунда күтөбүз!
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Тилекке каршы, жок, ишкер аялдар гана байгелүү орундарга талапкер боло алышат.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Сиз каттоодон өткөнүңүздү тастыктаган электрондук кат алышыңыз керек. Эгер сиз бир сааттын ичинде ырастоочу электрондук кат ала элек болсоңуз жана ал "Спам" папкасында болбосо, биз менен электрондук почта аркылуу байланышыңыз же Долбоордун веб-сайтындагы модераторго жазыңыз.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Жок. Бир долбоор бир гана ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан жана бир категорияда гана берилиши мүмкүн. Бир эле же башка адам тарабынан кайталап тапшырууга жол берилбейт. Бир эле долбоорду эки же үч башка категорияга берүүгө жол берилбейт.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    Сиз финалга өткөнүңүз тууралуу электрондук кат алышыңыз керек. Эгерде сиз эксперттик комиссия аяктагандан кийин 24 сааттын ичинде электрондук кат ала элек болсоңуз жана ал "Спам" папкасында жок болсо, анда сиз финалга өткөн эмессиз.
    Бардык жаңылыктарды долбоордун веб-сайтынан жана Visa менен Mbankтын Instagram аккаунттарынан карап турсаңыз болот.

    • Демилгенин биринчи толкунуна катышуу үчүн Долбоордун веб-сайтынын платформасында каттоодон өтүшүңүз керек. Каттоо 3-сентябрдан 19-октябрга чейин созулат.
    • 20-октябрда билим берүү бөлүгү Долбоордун веб-сайтында бизнести эффективдүү башкаруу, бизнес-план түзүү жана бизнес-идеяңызды көрсөтүү жөндөмү боюнча ар кандай темадагы эксперттердин 5 вебинарынан турган иш чара башталат. Ар бир вебинардан кийин сиз 80% туура жооптордун минималдуу босогосу бар тесттен өтүшүңүз керек.
    • 3-ноябрда бардык 5 тесттен ийгиликтүү өткөн катышуучулар кийинки этапка – бизнес-планды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышат, ал 16-ноябрдан кечиктирбестен долбоордун эксперттерине баа берүү үчүн берилиши керек.
    • Бардык өтүнмөлөрдүн ичинен эксперттер ар бир категорияда 10 катышуучудан 20 долбоордун финалисттерин тандашат. Категориялар: "Баштапкы бизнес" жана "Учурдагы бизнес". Бизнес-пландар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
      • Бизнес-идеянын инновациялуулугу жана уникалдуулугу
      • рынокту талдоо
      • каржылык план
      • маркетинг жана илгерилетүү
      • социалдык таасир
    • Эксперттик комиссия аяктагандан кийин 20 финалист 12-декабрда Бишкекте өтө турган She’s Next Pitch Day финалдык иш-чарасына чакырылат, анда финалисттер долбоордун калыстар тобуна өз идеяларын сунушташы керек.
    • Питчингдин жыйынтыгы боюнча эки номинация боюнча 6 жеңүүчү аныкталат: “Учурдагы бизнес” номинациясында 3 жеңүүчү жана “Баштапкы бизнес” номинациясында 3 жеңүүчү.

    Суроолоруңуз барбы?

    Да, вы можете участвовать в Конкурсе в категории «Начинающий бизнес» или «Действующий бизнес». Вам будут доступны лекции и тесты, и вы сможете сдать бизнес-план на оценку жюри. В категории «Начинающий бизнес» будут определены три победительницы по итогам оценки жюри после презентации бизнес-плана. В категории «Действующий бизнес» будут определены три победительницы по итогам оценки жюри после презентации бизнес-плана. Следите за всеми обновлениями на сайте Проекта, а также в Instagram-аккаунтах Visa и Mbank.

    Образовательный этап начинается 20 октября. Пока что вы можете следить за новостями на сайте Проекта – мы будем делиться полезными статьями и материалами. Следите за всеми обновлениями на сайте Проекта, а также в Instagram-аккаунтах Visa и Mbank.

    В этом году в инициативе She’s Next могут принять участие только действующие и будущие предпринимательницы с гражданством Кыргызской Республики. Следите за всеми обновлениями на сайте Проекта, а также в Instagram-аккаунтах Visa и Mbank.

    В данном случае вам необходимо проверить все папки вашей входящей почты, включая папку – спам. В случае если вы не нашли письмо-подтверждение, пожалуйста, напишите на почту или модератору на сайте Проекта. Следите за всеми обновлениями на сайте Проекта, а также в Instagram-аккаунтах Visa и Mbank.